Нарын облусунун Оттук айылында төрөлгөн Зия Чүмөдөева беш жылдан бери сүт азыктарын иштеп чыгуу менен алектенүүдө. Ал алгач үй-бүлөсүн багуу жана кошумча киреше табуу максатында кичинекей бизнес баштаган. Бул иш «социалдык контракт» программасынын алкагында ишке ашкан.
Ошол учурда менин алты баласым бар болчу. Биз алар үчүн жөлөк пул алышчу. Ушул негизде мен «социалдык контракт» программасына катышып, өз ишимди баштаганга мүмкүнчүлүк алдым. Алгач биз 20–30 литр сүт менен баштаганбыз. Ошондо бул көлөм мага абдан чоң сезилчү. Ал эми азыр, Кудайга шүгүр, биздин иш заметүү түрдө кеңейди.
Азыркы учурда анын ишканасында сүттөн беш-алты түрдүү курут, ошондой эле сүзмө, сары май, каймак жана чөбөгө даярдалат. Зия айткандыча, чөбөгө ун кошкон эмес, табигый сүттөн жасалат, ал эми сары май ар дайым эртең менен сабанган жаңы сүттөн даярдалат.
Сүт иштетүү көлөмү
Ишкердин айтымында, жайкы мезгилде ишкана күнүнө бир тоннага чейин сүт иштетет. Кышкысын көлөм азайып, сырье үч-төрт күн сайын 400 литр өлчөмүндө кабыл алынат. Сүт айылдагы тургундардан жана жайлоодон алып келген адамдардан сатып алынат.








