2026-жылы Москвадагы окуу жайларына эң көп документ тапшырган беш өлкөнүн бири Кыргызстан болду. Бул маалыматты Номад ТВ каналы берди.
Кыргызстандык студенттер Россиянын борборуна көчүп келгендеги алгачкы кадамдары, алган тажрыйбалары жана жашоо шарттары тууралуу айтып беришти.
Жаш студенттер үчүн жаңы шаарга көнүү, досторду табуу жана өзүнүн маданиятын сактап калуу маселелери маанилүү болуп жатат. Аларга бул баттан көнүүгө жана өз тамырларын унутпоого кыргыз землячествосу жардам берүүдө.







