Чон-Кемин айылына кирген жолдун боюндагы таш сауына жабайы жаныбарлардын фигуралары орнотулуп жатат. Бул жерде кар барсы, архар, бугу жана башка жаныбарлардын скульптуралары көрүнөт.
Nomad булагынын маалыматы боюнча, бул долбоор жергиликтүү тургундун демилгеси жана колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Скульптураларды орнотуу аркылуу конокторду аймактын жаныбарлар дүйнөсү менен тааныштыруу жана аны сактап калуу маселесине көңүл бурууга чакыруу пландалууда.









