Ак-Суу айылында (Ысык-Көл облусу) 1871-жылы курулган эски суу тегирмени бүгүнкү күнгө чейин иштеп, дан тартууну улантууда. Жанындагы май жуазда өсүмдүк майын чыгаруучу механизмдер да сакталган.

Видео: 24.kg

Бул тарыхый комплекстин сакталышы үчүн Дмитрий Мищенконун үй-бүлөсү жооптуу. Алар Воронеж губерниясынан көчүп келгендердин тукумдары. Дмитрийдин атасы жана чоң атасы туугандары менен бирге тегирменди калыбына келтирип, эски буюмдарды чогултушкан. Кийинчерээк алар жеке музейдин негизин түзгөн.

Сакталган үй-бүлөлүк мурас

Дмитрийдин ата-бабалары Матищевдер Россия империясынын убагында Воронеж губерниясынан Кыргызстанга көчүп келишкен. Алар бул аймакка алгачкы көчүп келүүчүлөрдөн болуп, жети тегирмен жана бир май жуаз курушкан. Бүгүнкү күнгө чейин 1871-жылы курулган бир тегирмен жана 1874-жылкы май жуаз гана сакталып калган. Совет доорунда алар колхозго өткөрүлүп берилген, ал эми СССР тарагандан кийин Дмитрийдин чоң атасы объектти кайра сатып алган. Ошондон тартып үй-бүлө тарыхый комплексти калыбына келтире баштаган.

Негизги ишти Дмитрийдин чоң атасы менен атасы — Сергей жана Владимир Мищенколор аткарышкан. Алар имараттарды оңдоп, механизмдерди калыбына келтирип, аймакты ирээтке келтиришкен. Акырындык менен башка туугандары да жардамга кошулган.

Он сегиз жаштагы Дмитрий бала кезинен бери тегирменде убакыт өткөрүп келген. Атасы балдарын жанына алып, эски буюмдарды көрсөтүп, алардын кайдан келгенин жана эмнеси менен кызыктуу экенин айтып берчү.

Мен бул буюмдардын арасында чоңойгом, азыр болсо конокторго үй-бүлөнүн, тегирмендин жана аймактын тарыхын тааныштырам.
Дмитрий Мищенко