Кыргызстандын баш калаасы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик кукулардын театры көптөн бери эски жана начар абалда жатканын Министр Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Мындан бир жыл мурун театрда жылуулук берүү системасы толук жаңыртылган. Буга чейин залда аба суук болуп, балдар тулуп жана курткаларда отурчу. Учурда болсо жылытуу жакшыртылып, балдар жеңил кийим менен отурушат.
Министрдин айтымында, 2024-жылы республикалык бюджеттен театрга 64 миллион сом бөлүнүп, ал каражат театрдын фасадын жана ички бөлмөлөрүн жаңыртууга, ошондой эле эне менен балдар бөлмөсүн уюштуруп, санитардык жайларды көбөйтүүгө жумшалат. Оңдоолорду 1-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда.
Мындан сырткары, 2024-жылда театрдын көрүү залындагы креслолор алмаштырылган.
Театр 1948-жылдан бери расмий түрдө эки тилдүү форматта иштеп келет жана бул практика бүгүнгө чейин сакталып келе жатат. Анын тарыхы бай жана гастрольдук иш-чаралары кеңири масштабда өткөрүлөт.
Ош шаарында да кукулардын өзүнүн театры бар.












