Министрлик 29-июлда Налог кодексине өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койду. Бул өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөрдүн каттоосу жана перерегистрациясына байланыштуу жаңы жоболорду сунуштайт.

Налог кодексиндеги 112-берене салык төлөөчүнүн каттоо себептери, мөөнөттөрү жана жайгашкан жери боюнча жоболорду камтыйт.

Минэкономика сунуш кылып жаткан жаңы жобого ылайык, эгерде салык төлөөчү учурдагы каттоо жайында карыз болсо, ал жаңы район же шаарга перерегистрациядан өтө албай калат.

Бул чара карыздарды өз убагында төлөтүп, салык базасын так кармоо максатында сунушталууда.

Эң акыркы маалыматтар жана талкуулар үчүн Инстаграмдагы @tazabek_kg баракчасын карап туруңуздар.