Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Наркотиктерге каршы кызматы жана Патруль кызматынын кызматкерлери өлкө аймагында профилактикалык рейддерин улантууда. Бул иштердин максаты — наркотиктердин таасири астында унаа башкаргандарды аныктоо жана жол коопсуздугун камсыздоо.
Акыркы эки күндүн ичинде беш айдоочу наркотикалык заттын таасири менен унаа башкарганы аныкталды. Бул фактылар боюнча тиешелүү мыйзамдардын негизинде чаралар көрүлдү.
Рейддер ыкчам жана туруктуу негизде жүргүзүлүп, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана жолдогу бардык катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында улантылууда.

