Кыргызстандын Чет элдик иштер министринин орун басары Медин Абакиров 17-августта Вьетнамдын Кыргызстандагы жаңы элчиси Нгуен Тхань Ле менен жолугушту.

Кездешүү учурунда Абакиров Нгуен Тхань Ле-ди элчилик кызматка дайындалганы менен куттуктап, анын иши кыргыз-вьетнам мамилелерин тереңдетүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишендирди.

Жаңы элчи Нгуен Тхань Ле өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө саясий жана соода-экономикалык тармактардагы актуалдуу маселелер, мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы жана мындан аркы кызматташтык багыттары талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары да өнүктүрүү максатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкты улантууга бекем ниет билдиришти.