Манас шаарында жаңы президенттик лицей «Акылман» курулушу 70%га жакын бүткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун толук өкүлү Тилек Текебаев белгиледи.
Курулуш сентябрга чейин бүтүп, 15-сентябрдан тартып окуучу кабыл алуу пландалууда. Лицей Р. Азимов көчөсүндө жайгашкан.
Окуу корпусу үч кабаттан түзүлүп, 360 окуучуга ылайыкташтырылган. Анда 34 окуу классы, 196 орундуктуу ашкана, спорт зал, 25 метрлик жабык бассейн, китепкана жана общежитие бар.
Ошондой эле, мугалимдер үчүн 25 батир берилип, комплекс ичинде инженердик тармактардын монтажы менен ички жана сырткы жасалгалоо иштерине орун берилди.
«Акылман» лицейинин курулушунун негизги көрсөткүчтөрү













