Манас шаарынын биринчи күнү 5-ноябрда белгиленет. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, майрамды өткөрүүгө бюджеттен 1 миллион сом каралган, бирок аны кеңири форматта өткөрүүгө байланыштуу кошумча каржылоо маселеси каралууда.
Датаны жылдыруу 2026-жылга гана тиешелүү. Кийинки жылдары шаар күнү 27-сентябрда белгиленет.
Эскерте кетсек, былтыр Жалал-Абад шаары Манас болуп өзгөртүлгөн. Тиешелүү мыйзам 2025-жылдын 17-сентябрында кабыл алынып, 27-сентябрь шаар күнү катары белгиленген.
Шаардын атын өзгөртүү демилгесин ошол учурда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМК төрагасы кызматын аркалаган Камчыбек Ташиев көтөргөн.
Ташиевдин отставкага кетиши жана анын айрым демилгелеринин жокко чыгарылышынан кийин коомчулукта шаарга Жалал-Абад деген мурунку аталыш кайтарылышы мүмкүн деген божомол пайда болгон. Бирок президент администрациясы бул маалыматты төгүндөдү.
Шаар күнүнүн негизги көрсөткүчтөрү







