Манас шаарында жаңы автовокзалдын ачылышы 17-август күнү пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабар беришти.

Жаңы автовокзал Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан. Анын аянты 2 гектар 20 сотыхты түзөт.

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов курулуш менен таанышып, объект райондун талаптарына толук жооп бергенин белгиледи.

Автовокзалдан күнү-түнү 450дөн 453кө чейин рейстерди аткаруу пландалууда. Каттамдар 53 багытка, анын ичинде пригород жана шаар аралык жүргүнчүлөрдү ташууга арналат.

Кошумча маалыматка караганда, азыркы эски автовокзалдын ордуна 750 орундуу мектеп куруу маселеси каралууда.