Бишкектин батышында жаңы автовокзалдын курулушу уланууда. Аскерлер чатырды толук бүтүрүп, имаратты айнек менен жабышкан жана айланадагы жерди түздөп, кооздоп жатышат.
Автовокзалда жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн бардык шарттар каралган: күтүү залдары, мейманкана, фуд-корттор жана 50-60га чейин унаа токтоочу жайлар.
Жаңы автовокзал кайсы күнү иштей баштай турганы азырынча белгисиз.




