Мамлекеттик салык кызматы (МСК) иштебей турган юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин салыктык каттоосун жокко чыгаруунун үчүнчү этабын баштай баштагандыгын билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.
Ведомствонун сайтында иштебеген салык төлөөчүлөрдүн жаңы тизмеси жарыяланды. Аталган тизмеге жалпысынан 66 043 салык төлөөчү кирген.
Тизме жарыяланган учурдан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин, салык органдары юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу процедурасын баштоого укуктуу. Тизмеден чыгаруу мүмкүнчүлүгү тиешелүү отчетторду берүү аркылуу салыктык милдеттенмелер аткарылганда гана мүмкүн болот.
Ошондой эле, кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар 30 күндүн ичинде негиздер же талаштуу маселелер болгон учурда, процедураны токтотуу жөнүндө арыз менен салык органдарына кайрыла алышат.





