Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекитти. Ага ылайык, жылытуу мезгили башталганга чейин аймактык күйүүчү-май базаларында көмүрдүн белгиленген деңгээлдеги запасын камсыздоо каралган.

Планда калк үчүн көмүрдүн баасын чектөө боюнча макулдашууларды түзүү да каралган. Бул чараны ишке ашыруу үчүн Энергетика министрлиги, "Кыргызкөмүр" ААК, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жооптуу деп белгиленди.

Бул чаранын максаты – күз-кыш мезгилинде калк үчүн көмүрдүн спекулятивдик баасынын өсүшүнө жана жергиликтүү тартыштыкка жол бербөө. Иш-чараны ишке ашыруу көмүрдүн чекене баасын турукташтырууга жана аймактык базаларда отундун болушун камсыздоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Бул чаралар Министрлер кабинети тарабынан бекитилген 2026–2027-жылдарга пландын алкагында жүргүзүлөт.