Чоң-Кемин өрөөнүндөгү жолдун жээгине тоо капталдарынан ичкер түшкөнү катталды. Видеого тартылган кадрларда рысьнин тоо капталдарынан төмөн түшүп, жолдун жанына келгени көрүнөт. Бул учурду байкаган жарандар жаныбардын сулуулугуна жана тынчтыгына таң калышкан.
Адистердин маалыматы боюнча, бул ичкер 1986-жылдан бери Кызыл китепке киргизилген. Алардын жашоо чөйрөсү негизинен тоолуу аскалуу жерлер жана токойлуу бийик тоолор болуп саналат. Кыргызстандын аймагында мурда 1775 рысь болгон деп белгиленген.
50 000 сом айып пул
Мыйзамсыз аңчылык кылган адамдарга бул сумма өлчөмүндө айып пул салынат.
Акыркы убакта Чүй облусунун тоолуу аймактарында, анын ичинде Кемин багытында жаныбарлардын адамдар жашаган жерлерге же жол жээктерине чыгып кетиши көп кездешип жатат. Экологилер мындай учурларда жаныбарларга зыян келтирбөөгө жана этият болууга чакырышат.






