26-ноябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов журналисттер менен бирге окуу-адистештирүү бажысына барды. Бул иш-чара «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» аттуу медиа долбоордун алкагында ишке ашырылды. Журналисттер кызматкерлердин кантип даярдаларын, практикалык окутуу үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн жана өткөрүү пункттарында кызмат кыла турган кызматтык иттерди кантип үйрөтүшөрүн көрүштү.

Окуу борборунун өзгөчөлүгү — кызматкерлерге реалдуу шарттарга жакын чөйрөдө тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк бергенинде. Бул үчүн атайын окуу класстары жана өткөрүү пункттарынын макеттери жабдылган. Алардын ичинен бири 2018-жылы АКШ Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулуп, жабдылган. Бул макетде жөө жүрүүчүлөр жана транспорт үчүн өткөрүү зоналары кичирейтилип жасалган, бул кызматкерлерге контролдоо жана бажы тариздөө процедураларын практикада үйрөнүүгө шарт түзөт.

Даярдоонун өзүнчө багыты санариптештирүү менен байланыштуу. Электрондук декларациялоо борборун түзүү иштери жүрүп жаткан учурда, бажы кызматынын адистери жаңы процедураларды өздөштүрүп, жаңыланган системада иштөөнү үйрөнүп жатышат.

Биз окутуунун өзгөчө конвейерин түзүп алдык: санариптештирүү киргизилип жаткан учурда, биз параллелдүү түрдө кызматкерлерди даярдап жатабыз. Система ишке кирген учурда, алар өз милдеттерин кесипкөй деңгээлде аткарууга даяр болушу керек.
Улан Кимсанов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы