Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов кызматкерлердин эмгек акы деңгээли тууралуу маалымат берди. «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында ал бажы кызматкерлеринин айлыгы азыркы ченемдер боюнча жакшы экенин белгиледи.
Кимсановдун айтымында, кызматкерлердин орточо айлыгы 1000 доллардан кем болбойт. Бирок, бажы кызматы укук коргоо органы болуп саналгандыгына байланыштуу, кызматтык айлыктардын так өлчөмдөрү жана төлөмдөрдүн толук тизмеси жарыяланбайт. Төлөмдөр боюнча жалпы маалымат жабык болуп саналат деп тактады.
Мындан тышкары, бажы кызматынын жетекчиси кызматкерлердин иш натыйжалуулугу боюнча статистиканы бөлүшүүгө токтолду.
1,5 млн доллар
ар бир кызматкердин 2025-жылы мамлекеттик бюджетке киргизкен салымы
Улан Кимсановдун маалыматы боюнча, 2025-жылы бажы органдарынын ар бир кызматкери мамлекеттик бюджетке 1,5 миллион доллардан ашык каражат түшүүнү камсыз кылды. Бул көрсөткүч Евразия мейкиндигинде абдан жогору деп бааланды.








