Кыргызстандын U-17 жас курама командасы 2027-жылдагы Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында эки оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Кыргызстандык футболчулар өзүнүн алгачкы беттешүүсүн 17-ноябрда Йемен курама командасы менен өткөрүшөт. Ал эми экинчи оюн 20-ноябрда Монголиянын командасына каршы ойнолот.

Бардык оюндар Бишкек шаарындагы Долон Омурзаков атындагы стадиондо өткөрүлөт. Оюндун башталышына чейин шоу-программа уюштурулат. Шоу-программа саат 17:00дө башталып, матчтар саат 18:00дө киришет.

Болельщиктер үчүн кирүү акысыз. Акысыз билеттерди ticketon.kg сайтынан алууга болот.

  1. 17-ноябрь

    Йемен менен оюн

  2. 20-ноябрь

    Монголия менен оюн