Кыргызстандын экономикасынын төрт багыты аркылуу 500 миллион доллардан ашык жеке инвестиция тартууга жана 67,6 миң жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул маалыматтар Экономика жана коммерция министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк банктун тобу Бишкекте тааныштырган Өлкөнүн жеке секторун диагностикалоо (CPSD) документунда көрсөтүлгөн.
Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланованын билдирүүсүнө караганда, Министрлер кабинети ишкерлер үчүн бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана административдик жүкүн азайтуу боюнча бир катар чараларды ишке ашырган. Ал изилдөөнүн жыйынтыктары бизнесдин муктаждыктарын так аныктоого жана мамлекеттик колдоону ар бир тармактын өзгөчөлүгүнө жараша өркүндөтүүгө жардам берерин белгиледи.
Инвестициялык потенциал бар тармактар
Диагностикалык документте инвестициялык мүмкүнчүлүгү жогору төрт багыт белгиленген. Алардын ичинен эң негизгилери төмөнкүлөр:
Тармактагы көрсөткүчтөр
Жемиш жана мөмө-жемиш өндүрүшүн жана иштетүүнү өнүктүрүү үчүн жерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, сертификациялоо, лабораториялык сыноолор жана муздаткыч инфраструктурасын өнүктүрүү маанилүү милдеттер катары белгиленген. Ал эми жаратылышка багытталган туризмди өнүктүрүү үчүн жерди пайдалануу шарттарынын ачыктыгын жогорулатуу зарыл.










