Кыргызстандын бийик тоолуу айылдарында мөңгүлөрдүн артка чегинишинен улам жай мезгилинде суунун жетишсиздиги байкалууда. Бул маселени чечүү максатында жаңы инновациялык ыкма колдонулуп, кыш мезгилинде музду топтоо технологиясы ишке ашырылууда.

СторисТоолуу айылдарда жасалма мөңгүлөрдү түзүү башталдыСлайддар: 5
  1. Тоолуу айылдарда жасалма мөңгүлөрдү түзүү башталды
  2. Бийик тоолуу аймактарда мөңгүлөрдүн эришинен улам жай айларда суунун тартыштыгы байкалууда.
  3. Технология кандай иштейт. Кышкысын суу вертикалдык түтүктөр аркылуу чачылып, чоң муз тоосун түзөт. Жаз жана жай мезгилинде бул муз эрип, резервуарларга топтолот.
  4. Негизги максаттар: Тоолуу айылдарды жыл бою суу менен камсыз кылуу; Калктын агымын токтотуу; Жаштардын айылда калышына шарт түзүү
  5. Бул эмнени билдирет. Жасалма мөңгүлөр айыл чарбасын сактап калууга жана климаттык миграцияны токтотууга жардам берет.

Бийик тоолуу аймактарда муздак муз мунаралары пайда болууда. Бул курулуштар тоолуу аймактардан калгысы келген калктын агымын токтотууга жардам бериши мүмкүн.

Мен Кыргызстандын бардык тоолуу айылдарын кыдырып чыктым жана климаттык миграция кандай жүрүп жатканын көрдүм. Жаштар көп кетип жатат. Табигый мөңгүлөр жок болуп, адамдар эгин өстүрө албай калууда.
Матраим Жусупов, суу ресурстары боюнча эксперт

Суу ресурстары боюнча эксперт Матраим Жусуповдун айтымында, жасалма мөңгүлөрдү түзүүдүн негизги максаты — тоолуу айылдарды жыл бою суу менен камсыз кылуу. Бул ыкма аркылуу жаштардын айылда калып, жер иштетип, киреше табуусуна шарт түзүлөт.

Жасалма мөңгүлөрдү түзүү технологиясы салыштырмалуу жөнөкөй. Анын иштөө принциби төмөндөгүдөй:

  1. Бийик тоолуу агынтардан келген суу жер астындагы түтүктөр аркылуу айылдын жанындагы көлөкөлүү жана муздак жерге өткөрүлөт.
  2. Бийикдиктеги айырма суунун басымын түзөт, бул сууну вертикалдык түтүктөр аркылуу өйдө көтөрүүгө мүмкүндүк берет.
  3. Түтүктөрдүн учуна бакчаларды сугаруучу распылителдер сыяктуу түзүлүштөр орнотулат.
  4. Кышкысын суу чачылып, абада тоңуп же муздун бетине түшүп, акырында чоң муз тоосуна айланат.
  5. Жаз жана жай мезгилинде бул муз мунарасы эрип, суу атайын каналдар аркылуу резервуарларга топтолот.