Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин чечими менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын алуучулар үчүн үлгүлө келишимдин шарттары жаңыланып жатат. Бул өзгөрүүлөр Президенттин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык стипендиясы жөнүндө» Указын ишке ашыруу максатында киргизилген.
Негизги өзгөрүүлөр жана максаттары
Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — мамлекеттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу колдонулушун камсыздоо, стипендия алуучулардын келишимдик милдеттенмелерди аткарууга жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле чет өлкөдө алынган билимдерди жана кесиптик компетенцияларды Кыргызстандын өнүгүшү кызыкчылыгы үчүн колдонуу шарттарын түзүү.
Негизги өзгөрүүлөр
- Окуудан кийин стипендия алуучу Кыргызстанга кайтып келип милдеттүү.
- Окуудан кийин стипендия алуучу мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде же мамлекеттик катышуусу бар ишканаларда жок дегенде беш жыл иштөөгө милдеттүү.
Бул иштөө ишмердүүлүгү алынган адистикке дал келиши керек.




















