Кызыл китеп акыркы жолу 2007-жылы жарык көргөн, ал эми анын жаңылануу мөөнөтү ар бир он жылды түзөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун омурткалуу жаныбарлар зоологиясы лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, экинчи басылмада коргоого алынган өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын тизмеси биринчи басылмага салыштырмалуу 12 түргө көбөйгөн. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн корголуучу түрлөрүнүн саны 71ден 83кө чейин өскөн, ошондой эле тизмеге 4 түр козу карын кошулган — буга чейин бул топ жоголуп бара жаткан түрлөрдүн тизмесинде болгон эмес.

Учурда Кызыл китепке киргизилген түрлөр

115жаныбарлар
18муунак буттуулар
7балыктар
8рептилиялар
57канаттуулар
23сүт эмүүчүлөр
Жободо түрлөрдү Кызыл китепке кантип киргизүү так жазылган — изилдөө жүргүзүлөт, популяция жана коркунуч түрлөрү бааланат, тенденциялар аныкталат. Кээде Кызыл китепке катачылыктан же эмоцияга алдырып ар кандай түрлөр киргизилет, ошондуктан биздин институттун адистери көп учурда талашып-тартышышат. Азыр үчүнчү басылма даярдалып жатат, аны 2027-жылы чыгаруу пландаштырылган. Даярдоого 500 миң доллардай керек, бирок биздин бюджетти 1,5 миллион сомго чейин кыскартышты.
Аскар Давлетбаков, УИА Биология институтунун лаборатория башчысы

Ошондой эле Давлетбаков бердвотчерлердин жана орнитологдордун байкоолорунун аркасында Кыргызстанда катталган канаттуулардын түрлөрүнүн саны өскөнүн белгиледи. Ал 1994-жылы институтка келгенде 365 түр катталганын, 2000-жылдары кадастр түзүүдө 390 түр болгонун, ал эми учурда алдын ала эсептөөлөр боюнча дагы көбөйгөнүн айтты.