Кыргызстандын курулуш тармагына быйыл 101 жыл болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

1925-жылдын 2-августунда Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин Президиумунун чечими менен өлкөдө биринчи мамлекеттик курулуш мекемеси — Кыргыз мамлекеттик курулуш контору түзүлгөн. ушул күн курулуш тармагынын тарыхы катары эсептелет.

Министрлик белгилегендей, 101 жыл ичинде курулуш тармагы бир катар өнүгүү этаптарынан өтүп, бүгүнкү күндө өлкөнүн курулуш саясатын ишке ашыруучу негизги мамлекеттик орган болуп калды.

Бул узак тарых — жоопкерчилик, тынымсыз өнүгүү жана мамлекет менен бирге курулган келечек демекчи. Азыркы учурда министрлик Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү максатындагы мамлекеттик курулуш саясаттарын улантууда.

Ошондой эле мекеме заманбап, коопсуз жана сапаттуу курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.