Чыгыш Европа жана Борбор Азия (ВЕЦА) өлкөлөрүндө жаштар көбүрөөк балалуу болууну каалашат, бирок фактически аз балалуу болушат. Изилдөөдө жаштар үй-бүлө курууда негизги себеп катары махабат, каржылык туруктуулук жана балдарды туууну белгилешет.
Маселен, Борбор Азия өлкөлөрүндө жаштар төрт жакын балалуу болууну кааласа, Чыгыш Европа менен Балкан өлкөлөрүндө үч жакын балалуу болууну каалашат. Бирок балдардын саны андан аз болуп жатат. Айрыкча аялдар эркектерге караганда аз балалуу болоору белгиленди.
Кыргызстандыктар үй-бүлө курууда өзүнүн батиринин болушу маанилүү деп эсептешет. Ошондуктан ипотекалык насыя программалары демографиялык өсүш үчүн маанилүү шарттардын бири болуп саналат.
Ошондой эле изилдөөгө катышкандардын 40 пайызы үч жашка чейинки балдары бар аялдардын толук жумушка чыгышын жактырбайт, ал эми эркектер үчүн мындай көрсөткүч 22 пайызды түзөт. Бул балдарды багуу жоопкерчилигинин аялдарга көбүрөөк жүктөлүшүн көрсөтүп турат.
Андан тышкары, өнүккөн өлкөлөрдө иштеген эне-атага колдоо көрсөтүү деңгээли жогору болуп, балдарды багуу милдети аялдарга ушунчалык көп жүктөлбөйт.



















