2024-жылдын январь айынан июнь айына чейин Кыргызстанда электр энергиясынын жалпы көлөмү 7 миллиард 356 миллион киловатт-саатты түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 605 миллион киловатт-саатка аз болду.
Өндүрүштүн жалпы көлөмү 1,2%га төмөндөп, анын ичинде электр энергиясынын чыгарылышы 5,4% кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин өнөр-жай жана энергетика бөлүмүнүн башчысы Айнура Маманова 2024-жылдын 15-июлунда өткөн маалымат жыйынууда билдирди.
Өндүрүлгөн электр энергиясынын 82% га жакыны гидроэлектростанциялардын эсебинен алынган.

















