Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктардын кардарлардын эсептерине орусиялык рубль менен нак акча салууда комиссия алганы тууралуу маалыматты түшүндүрдү. Айрым булактар комиссиянын пайызы 8% чейин жетиши мүмкүн экенин көрсөтүштү.
Регулятордун маалыматына ылайык, коммерциялык банктар өздөрү комиссия жана тарифтерди өз алдынча аныкташат. Улуттук банк мыйзамда көрсөтүлгөн учурлардан башка учурда алардын ишине кийлигишпейт.
Улуттук банктын түшүндүрмөсүндө комиссиянын өлчөмү банктар тарабынан иштетүү чыгымдары, логистикалык каналдар, ошондой эле контрагент банктардын талаптары эске алынуусу менен аныкталат.
Ошол эле маалда, регулятор нак рубль менен операцияларга чек коюлбастыгын баса белгиледи.
Нацбанк көзөмөл жүргүзүү учурунда коммерциялык банктардан рубл менен нак акча салууда алынган комиссиялар боюнча маалыматтарды сурады. Ал маалыматтарга ылайык, кээ бир банктар мындай операциялар үчүн комиссия алышат, кээ бирлери болсо акысыз жүргүзүшү мүмкүн.
Тарифтердеги айырмачылыктардын себеби катары банктардын орусиялык рублдин нак акчасын топтоо көлөмдөрү жана рублди алып кетүүчү контрагенттер менен болгон келишимдердин өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.









