Кыргызстандын кенче курактагы балдарды өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү багытындагы мамлекеттик саясаты эл аралык деңгээлде жогору баасын алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берди.
Бангкок шаарында өтүп жаткан БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Социалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 9-сессиясына катышкан Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдөгү реформалар тууралуу маалымат бөлүштү.
Министрдин айтымында, учурда адам капиталын өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо багытында иштер жүрүп жатат. Ал балдар үчүн сапаттуу билим алууга шарт түзүү, инклюзивдик чөйрөнү өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдүү формаларын киргизүү маселелерине токтолду.
Талкуунун жүрүшүндө ЭСКАТО жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргызстандын кенче курактагы балдарды өнүктүрүү саясатын жана адам капиталын чыңдоого багытталган демилгелерин жогору баалашты.
ЭСКАТО менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы кызматташтыгы уланып келет. Буга чейин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТО аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган.











