Тендерди Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун жалпы дарыгерлик практика борбору өткөрүүдө. Анын алкагында үч тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, аталган үч унаа үчүн болжол менен 15,5 миллион сом каралган.

Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, тез жардам унаалары жаңы, 2025-2026-жылдардан кийинки чыгарылган болушу керек.

Алар ооруканага чейинки этапта бейтаптарды ташуу, дарыгерлик (фельдшердик) бригаданын күчү менен дарылоо иш-чараларын жүргүзүү жана алардын абалын көзөмөлдөө үчүн колдонулат.

Унаанын шасси бөлүгүнө кеминде 24 ай же 100 миң чакырымга чейинки (кайсынысы биринчи келсе) кепилдик берилиши керек. Ал эми медициналык жабдууларга кеминде 12 ай кепилдик каралган.

Сатып алына турган унаалар келишим түзүлгөндөн кийин 30 жумуш күнүнүн ичинде жеткирилиши зарыл. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 7-августка чейин кабыл алынат.