Финансы министрлиги 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын планоктоо мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Бул документте мамлекеттин пландаштырылган кирешелери жана чыгашалары гана эмес, ошондой эле экономикадагы күтүлүүчү кырдаал жана мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө маалымат да камтылган.
Экономика кандай болот жана баалар
Бюджетти түзүүдөн мурун, өлкөнүн өнүгүүсүнүн үч макроэкономикалык сценарийи иштелип чыгат: пессимисттик, негизги жана оптимисттик. Өлкөнүн ички абалы жана тышкы факторлор эске алынып, адистер кайсы варианттын эң ыктымал экенин аныкташат. Ушул вариантты эске алуу менен, алгач республиканын фискалдык саясатынын негизги багыттары, андан кийин алар негизинде бюджеттин негизги параметрлери иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасынын 2027-2031-жылдар үчүн негизги фискалдык саясаттын багыттарын түзүү үчүн, ошол мезгилдеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги болжолдору алынган.





























