Кыргызстандыктар Британияда сезондук ишке мүмкүнчүлүк алышты. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 17-20-август күндөрү онлайн катталуу өтөт.

Жумуштун саатына акысы £12,71 түзөт жана жумушка 32 сааттан кем эмес жумалаш керек. Каттоого алууга 18 жаштан жогоркулар катыша алат.

Каттоого барышы үчүн жарандардын эл аралык паспорту жана Gmail почтасы болушу зарыл. Бирок каттоо автоматтык түрдө ишке кабыл алууну кепилдебейт.

Ишке кабыл алынуучулар атайын тандоо аркылуу аныкталат. Каттоо шилтемеси Кыргыстандын тышкы эмгек базарын өнүктүрүү борборунун социалдык тармактарындагы баракчаларда жарыяланып турат.