Бегайым Мырзабекова Түштүк Кореяда өткөн K-POP фестивалында Кыргызстандын атынан чыгып, 51 өлкөдөн келген атаандаштардын арасында үчүнчү орунга татыды.
Ал Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган K-POP фестивалына катышып, жеңишке ээ болгондон кийин бул багытта өлкөнү эл аралык деңгээлде биринчи жолу көрсөткөн.
Фестивалдын масштабы
Changwon K-POP World Festival 2026 тандоо турларында 51 өлкөдөн 140 команда ат салышты. Финалда Перу, Франция, Эфиопия, Украина, Танзания жана Кыргызстандын өкүлдөрү күч сынашты. Гран-прини Перу командасы утуп алды.
Бегайым Мырзабекова Кыргызстанды сыймыктануу менен тааныштырып, үчүнчү орунду камсыздады.








