19-ноябрда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында МПА СНГ иш-чараларынын алкагында укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Абдуллаев комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Комиссиянын ишинде уюштуруу маселелеринен тышкары, бир катар маанилүү мыйзам долбоорлору каралды. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонуу, чарба жүргүзүүчү субъекттерди мамлекеттик каттоо жана жоюу, ошондой эле эксперименттик укуктук режимдер боюнча моделдик мыйзам долбоорлору талкууланды.

Мындан тышкары, жыйында инвестициялык-ишенимдүү банк ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун публикалык-укуктук аспектилерине байланыштуу маселелер да каралган.