Кыргызстандагы көмүр ишканалары 2026-жылдын биринчи чейрегинде жалпы 837 млн 329,7 миң сом таза киреше тапты. Бул тууралуу өлкөнүн статистикалык кызматынын маалыматтары билдирди.
Рентабелдүү көмүр өндүрүүчү ишканалар чыгымынан кийин 899 млн 803,1 миң сом пайда көрдү. Ал эми киреше таба албай жаткан рентабелдүү эмес ишканалар 62 млн 473,4 миң сом зыянга учурашты.
Жыйынтыгында, 2026-жылдын биринчи чейрегинде көмүр тармагы оң финансы көрсөткүчү менен аяктады.
2026-жылдын I чейрегиндеги көмүр тармагынын финансылык көрсөткүчү




















