Кыргызстандын кино тармагында жаңы долбоор күтүлүүдө. 24-декабрда Руслан Акундун «2001» аттуу тасмасынын премьерасы өтөт. Сюжетте өтө коркунучтуу вирус эки күндүн ичинде бүтүндөй бир шаарды охтоп алат.

Тасманын башкы ролдорунда Эмиль Эсеналиев, Айсанат Эдигеева жана Омурбек Израилов ойношкон. Сүрөткө тартуу процессинде чет өлкөлүк адистер да тартылган.

Кыргызстанда көрсөтүлгөндөн кийин, бул кино Казакстан менен Өзбекстанда да экранга чыгат.