Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо борбору билдиргендей, унаалардын алдыңкы каптал айнектерин тондоого уруксат алуу арзандатылган баада жүргүзүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койгон. Акция 5-ноябрдан 5-декабрга чейин созулат.

Уруксат алуунун баасы

25 000сом — жеке адамдар (резиденттер)
50 000сом — юридикалык жактар
70 000сом — резидент эместер
20 000сом — электромобилдер

Акциянын алкагында белгиленген баалар ар кандай категориялар үчүн айырмаланат: жеке адамдар, юридикалык жактар, резидент эместер жана электромобил ээлери.