Учурда Кыргызстандын Мусулмандар башкармалыгынан аккредитациядан өткөн 35 ишкана Умра саякаттарын уюштуруу менен алектенүүдө. Бул маалыматты Диний иштер жана этникалар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов «Кабар» агенттигинин расмий каналында өткөн пресс-конференцияда айтты.

Тиешелүү компанияларга Умра саякаттарын уюштуруу боюнча бардык ишмердүүлүктү мыйзам чегинде жүргүзүү зарыл экендиги тууралуу бир нече жолу эскертүүлөр берилген.
Айбек Иминов

Айбек Иминовдин белгилөөсүнчө, мурда мындай кызматты 36 аккредитацияланган компания көрсөтүп келген. Бирок, паломнистик саякаттарды уюштурууда кетирилген мыйзам бузууларга байланыштуу бир ишкананын ишмердүүлүккө берген укугу жокко чыгарылган.

Хаж жана Умра саякаттарын жөнгө салуу, аларды өткөрүү тартиби, жооптуу тараптар жана келишимдердин шарттары атайын бекитилген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Бул тартип Диний иштер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан бекитилген жана саякаттар ушул негиздердин негизинде уюштурулат.