Кыргызстанда бажылык тартипти санариптештирүү процесси башталды. Жаңы «Смарт Бажы» платформасынын иштешинде ташымалдар жөнүндө маалыматтар чек ара пункттарына келгенге чеминде кеминде эки саат мурун системага киргизилиши шарт. Бул тартип жүк ташуучулардын күтүү убактысын кыскартууга жана процедураларды тездетүүгө багытталган.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык системаларды техникалык колдоо бөлүмүнүн башчысы Калыбек Акматов «Биринчи радиодо» берген маалыматына ылайык, ишкерлер керектүү документтерди жана товарлар жөнүндө маалыматтарды өз үйүндө же офисте отуруп, алдын ала электрондук форматта жөнөтө алышат.

Маалыматты жүк Кыргыз Республикасынын бажы чегинен өткөндөн кемининде жок дегенде эки саат мурун берүү зарыл. Андан мурда да жөнөтүүгө болот.
Калыбек Акматов

Алдын ала маалымат берүү системага документтерди алдын ала иштеп чыгууга, ташуучу жана товар жөнүндө маалыматтарды текшерүүгө, ошондой эле кошумча көзөмөлдүн зарылчылыгын аныктоого мүмкүндүк берет. Унаа чек ара өткөрүү пунктуна келгенде, анын маалыматтары мурда электрондук системага киргизилген маалыматтар менен салыштырылат. Бул үчүн видеокөзөмөл камералары, салмактоо системалары жана документтерди автоматтык түрдө текшерүү куралдары колдонулат.

Эгерде маалыматтар белгиленген талаптарга жооп берсе жана тобокелдиктерди баалоо системасы кошумча текшерүүгө негиз таппаса, анда жүк ташуучу унаа бардык процедуралардан тездеттилген тартипте өтө алат.