Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи он айында бирдиктүү салыктын түшүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 70,1%га өстү. Бул өсүш салыктык кирешелердин жалпы көлөмүндөгү бирдиктүү салыктын үлүшүнүн да жогорулашы менен коштолууда.

39,2млрд сом (2026-жыл)
23,0млрд сом (өткөн жыл)

Бирдиктүү салыктын республикалык бюджеттин жалпы салыктык кирешелеринен алган үлүшү мурда 7,0% болсо, азыркы учурда 8,8%га жетти.

Бюджеттик план29,6 млрд сом44,6 млрд сом +51%

Министрлик тарабынан 2026-жылга карата бирдиктүү салыкты чогултуу боюнча бекитилген бюджетте 29,6 млрд сом болсо, такталган бюджеттин долбоорунда бул көрсөткүч 44,6 млрд сом деп белгиленген.