Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу 15-июлда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу инвестициялар 1,6 эсеге өскөн, бул өсүш ички жана тышкы булактардан каржылоо көбөйгөнүнүн эсебинен камсыздалды.
Инвестициянын булактары
Ички булактардан каржылоо 1,5 эсеге өсүп, 166,7 миллиард сомду түздү, ал эми тышкы булактар 3,2 эсеге көбөйүп, 37,6 миллиард сомду түздү.















