Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2025-жылдын II жарым жылдыгынын көрсөткүчтөрү менен салыштырмалуу талдоосу көрсөткөндөй, кыргызстандыктардын мамлекеттик органдарга болгон ишеними азайган.
44,92026-жыл (I жарым жылдык)
46,22025-жыл (II жарым жылдык)
Рейтингдин лидерлери жана артта калгандары
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) эң ишенимдүү ведомство макамын сактап калды. Анын 2026-жылдагы көрсөткүчү 56,6 баллды түзсө, өткөн жылы 57,5 балл болгон.
Экинчи жана үчүнчү орундарды Коргоо министрлиги (2025-жылы 54,3 баллдан 2026-жылы 55,6 баллга көбөйгөн) жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (52,2 балл) ээлешти.
Ишеним индексинин артта калгандарынын катарында Саламаттык сактоо министрлиги (2026-жылы 34,3 балл, 2025-жылы 33,5 балл), Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (35,7 балл, 2025-жылы 37,7 балл) жана Мамлекеттик бажы кызматы (36 балл, 2025-жылы 37,3 балл) бар.
Региондор боюнча айырмачылыктар
Мамлекеттик структураларды колдоо деңгээли Ысык-Көл облусунда жогору болду, анда индекс 70,8 баллдан 73,2 баллга чейин өскөн.
Ошондой эле, эң лоялдуу аймактардын катарына Нарын облусу (2025-жылы 65,1 баллдан 68,4 баллга жеткен) жана Баткен облусу (2025-жылы 68,9 баллдан 62,5 баллды түзгөн) кирди.
Бишкек шаары салттуу түрдө эң жогорку деңгээлдеги скептицизмди көрсөтүүдө. Бирок Бишкек шаарынын тургундары мэриянын ишин министрликтердин ишине караганда жогору баалашат.