Кыргызстанда электр энергияны керектөөнүн жаңы рекорду коюлду. 19-июль күнү күнүмдүк электр энергияны керектөө 50 122 миллион киловатт саатка жетти.
Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнү менен салыштырганда 18% дан ашык, тактап айтканда 7 608 миллион киловатт саатка көбөйдү.
Муну менен катар, мурдагы рекорд 22-июль 2025-жылы катталган болчу, ал жаңы көрсөткүчтөн 6 миллион киловатт саатка төмөн болуп калды.




