Кыргызгидромет агенттигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Жогорку температуралык фондон улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел коркунучу пайда болушу мүмкүн.

Ошондой эле, 24-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, айрым райондордо 15-20 метрге чейин күчөшү күтүлөт.