Кыргызстанда 7000 метрден бийик чокуларга көтөрүлүүгө уруксат берүү системасын киргизүү пландалууда.
Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатовдун айтымында, мындай чара тоо туризмин көзөмөлдөп, ресурстарды жогорулатуу максатында кабыл алынууда.
Кабыл алынган буйрукка ылайык, 7000 метрден бийик чокуларга көтөрүлүш үчүн уруксат алуу зарыл болот жана анын минималдуу баасы 200 доллар болот.







