Кыргызстанда жалпы саны 4596 диний уюм жана диний максаттагы объекттер бар экени белгилүү. Бул тууралуу Диний иштер жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик 24.kg агенттигине билдирди.

3883мечиттер
220ислам окуу жайлары
58ислам уюмдары
42ислам кайрымдуулук фонддору

Өлкөдө башка диний багыттардын өкүлдөрү да иш алып барышат. Алардын ичинде 387 христиандык диний уюм жана башка багыттардагы алты уюм катталган.

  • Иудаизм боюнча бир коом
  • Буддизм боюнча бир коом
  • Бахаи багыты боюнча төрт коом

Муфтият мурда мечиттерге инвентаризация жүргүзүп жатканын жана жер менен имараттардын документтерин текшерүүдө экенин айткан. Бул иштер диний объекттерди башкаруунун борбордук органынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө мыйзам талаптарына байланыштуу жүрүп жатат.