Учурда Кыргызстанда 221 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Чодумова басма сөз жыйынында билдирди.
Алардын ичинен 36 миңден ашыгы — балдар. Майыптыгы бар адамдардын үлүшү өлкө калкынын жалпы санынын 3 пайызына жакынын түзөт.
Социалдык жөлөк пул алуучулар
Министрликтин маалыматы боюнча, социалдык жөлөк пул алуучулардын эң чоң тобун II топтогу майыптыгы бар адамдар түзөт — 29 882 киши.
Майыптык боюнча жөлөк пул алуучулар
Мындан тышкары, I топтогу майыптыгы бар 8 631 адам жана III топтогу 15 406 адам жөлөк пул алат.
Медициналык-социалдык экспертиза системасы
Министрликтин алдында Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия иштейт. Алар жарандарды текшерүүдөн өткөрөт.
Ведомство медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана сапатын жогорулатуу артыкчылыктуу багыт бойдон калаарын белгиледи.









