Кыргызстанда фасаддык системалардын сейсмикалык жүктөргө туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн төрт түрдүү системаны сыноодон өткөрүштү. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директорунун орун басары Арстанбек Дуйшеев «Борбордук Азия — Кытай» форматынын катышуучу өлкөлөрүнүн курулуш министрлеринин экинчи жолугушууда билдирди.

Сыноолор 6х6 метр өлчөмүндөгү жана 3,3 метр бийиктиктеги металл каркастан турган атайын вибрациялык стендде өткөрүлдү. Динамикалык жүктү түзүү үчүн валдардын айлануусу аркылуу кошумча жүк берүүчү вибрациялык машина колдонулган.

Сыналган материалдар

  • керамикалык плиталар (керамогранит)
  • керамика (кең форматтуу)
  • фиброцементтик панелдер
  • алюминий композиттик панелдер

Арстанбек Дуйшеевдин айтымында, сыноолордун биринчи этабында кемчиликтер аныкталган. Ал эми экинчи этапта кең форматтуу керамиканын борбордук бирикмелери ажырап, үчүнчү этапта жүктөм күчөндүгүнөн улам айрым панелдер алюминий профилдерден ажырап түшүп кеткен.

Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында адистер фасаддык системаларды кайра иштеп чыгып, биринчи сериядан кийин системаларды жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн. Бул процесс материалдардын жер титирөө учурундагы коопсуздугун жогорулатууга багытталган.