Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин маалыматына караганда, кыргызстандыктар бул өлкөдө 90 күнгө чейин убактылуу болууга укуктуу.

Азербайжанда эмгек мигранттары жок экенин, ал жакта жашаган кыргыз жарандарынын басымдуу бөлүгүн этникалык азербайжандар түзөрүн элчилик белгиледи.

Ошондой эле чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок жарандар 15 күндөн ашык убакыт жашашса, жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү зарыл.

Каттоо 15 күндүн ичинде, миграция кызматынын расмий сайты аркылуу, электрондук почта аркылуу же миграциянын аймактык бөлүмдөрүнө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлоруна кайрылуу жолу менен жүргүзүлөт.

Каттоого арыз анкета жана паспорттун көчүрмөсү, визанын баракчасы жана өлкөгө акыркы кирүү жөнүндө маалыматы камтылышы керек.

Каттоо кызматтары үчүн мамлекеттик төлөм алынбайт.