Кыргызстан жана Чувашиянын өкүлдөрү племендүү мал чарбасы боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү максат кылып, атайын меморандумга кол коюшту.
Бул документ эки жактын мал чарбасын өнүктүрүү, анын ичинде малдын сапатын жакшыртуу жана эффективдүүлүктү жогорулатуу иш чараларын биргелешип ишке ашырууга багытталган.
Келишимде эки региондун мал чарба тармагындагы тажрыйба жана технологияларды алмашуу, фермерлерди колдоо, тренингдер өткөрүү кирет.
Бул макулдашуу региондогу айыл чарба жана мал чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, экономикага салым кошот деп күтүлүүдө.

