Кыргызстан III Чемпионаттын алкагында өткөн Генералдык Ассамблея учурунда жаңы түзүлгөн Азиялык любительдик аралаш мушташтар конфедерациясынын аткаруучу комитетине мүчө болуп кирди.

Бул окуя өлкөдө аралаш мушташ спортунун өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, спортчулардын Азия көлөмүндөгү иш-чараларга активдүү катышуусуна жол ачат.

Жаңы түзүлгөн конфедерация GAMMA уюму тарабынан уюштурулуп, любительдик аралаш мушташ спортчуларына бириккен платформаны түзүүнү максат кылат.