Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн өлкөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө күч түзүмдөрүнө караштуу кызматтарда олуттуу кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүздү.
Бул өзгөрүүлөргө ылайык, 20 шаар жана райондогу аскердик комиссарлардын ордун башка адамдар ээледи. Муну менен бирге министрликтер менен ведомстволордо да жаңы кадрлар келди.
Мындай чечимдин максаты өлкөнүн коргонуу жана коопсуздук системасын күчөтүү болуп эсептелет.

